Чакан ГЭСтердин объекттеринде бекитилген жумуш графигине ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин жигердүү фазасы уланууда.


№1 Чакан ГЭС блогу боюнча: Кирпичтен дубал тизүү иштери аяктады. Курулуш бригадасы чатыр жабууну уюштурууга жана имараттын терезе, эшик блокторун монтаждоого киришти. 2-баскычтагы басымдуу бассейн тилкесинде арматура каркасын жаткыруу аяктап, дубал конструкцияларын бетондоо жүргүзүлүүдө.

№2 Чакан ГЭС аянтында: «Нөл» белгисинен төмөнкү монолиттүү темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Адистер имараттын нөлдүк циклинен төмөнкү көтөрүүчү колонналарды жана жабууларды арматуралоого жана бетондоого киришишти.

№3 Чакан ГЭС тилкесинде: Котлованы казуу жана даярдоо боюнча жер иштери жүргүзүлүүдө. Кум-шагыл даярдыгын уюштуруу жана имараттын пайдубал плитасын бетондоо иштери башталды.
Электр бөлүгү жана көмөкчордон чарбасы боюнча:

№1 Чакан ГЭС көмөкчордону: TBEA (Кытай) компаниясынын шеф-инженери менен биргеликте күч трансформаторун орнотуу жана монтаждоо иштери ийгиликтүү аяктады.

№2 Чакан ГЭС көмөкчордону: Периметрдик тосмону куруу иштери аяктады. Энергетиктер көмөкчордондун негизги күч жабдууларын орнотууга жана монтаждоого киришишти.

№3 Чакан ГЭС көмөкчордону: Күч трансформаторун долбоордук позицияга монтаждоо аяктады, жерге туташтыруу контурун уюштуруу жана шиналарды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Деривация тилкесинде: Траншеяны долбоордук белгилерге чыгаруу менен даярдоо иштери жүрүп жатат. Тилкелерде кыртышты катмарлап таптоо, конструкцияларды жаткыруу үчүн шагыл жаздыкчасын төгүү жана чыңдоо иштери аткарылууда.