Калыбына келтирилүүчү энергия булактарынын объектилеринин курулуш аянтчаларында катуу экологиялык ченемдерди жана коопсуздук стандарттарын сактоо менен активдүү курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү-наладдоо иштери улантылууда. Төмөндө долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы берилди.




Кичи ГЭС-1: Объектте станциянын имаратында чатырды ширетүү иштери жүрүп жатат, анкердик таянычты жана таштанды каналын арматуралоо аткарылууда, калыптар жыйналууда, ошондой эле ички жана тышкы фасады жасалгаланууда.

Кичи ГЭС-2: Таштанды каналын кайра толтуруу жана катмарлап сапаттуу тыгыздаштыруу боюнча иш-чаралар аяктап жатат.

Кичи ГЭС-3: Суу агызуучу каналды арматуралоо боюнча иштер жүрүп жатат.



Деривациялык канал: GRP түтүктөрүн орнотуу жана монтаждоо ишке ашырылууда, ошондой эле унаа жолунун астынан өтмөк түзүү иштери аткарылууда.

Электр техникалык инфраструктурасы (АБТ жана АЧ): ОРУ-35 таянычын жыйноо аяктады, конструкцияны кийинки орнотууга даярдоо менен траверстерди жана изоляторлорду монтаждоо аткарылды. Ошол эле учурда, аба чубалгысынын трассасы боюнча таянычтарды монтаждоо үчүн котловандар казылып даярдалды, ошондой эле АС 120/20 маркасындагы зымдарды тартуу иштери толугу менен аяктады.




Жабдууларды жеткирүү: CINK Hydro-Energy компаниясынын негизги технологиялык жабдуулары курулуш аянтчасына ийгиликтүү жеткирилди.
Курулуш иштери долбоорду ишке ашыруунун ар бир этабында экологиялуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу менен график боюнча так жүрүп жатат.