Ак-Суу районундагы Турген ГЭСинин объектинде курулуш иштери уланууда.
26-апрелге карата СК22 тибиндеги темир-бетон аралык электр берүү линиясынын тирөөчтөрүн монтаждоо жана орнотуу иштери аяктады.
Ошол эле учурда биринчи кичи гидроэлектр станциясынын (1 МГЭС) деривациялык текчесинин топурагын иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө.
Объекттеги курулуш иштери пландуу режимде уланууда.


