Ак-Суу районундагы Турген ГЭС объектинде курулуш иштери уланууда.
Апрель айынын башына карата электр берүү линияларынын 27 аралык тирөөчү орнотулду. Ошол эле учурда 35/10 кВ «Ново-Вознесеновка» подстанциясынын курулушу жүрүп жатат. Учурда подстанциянын портал бөлүгүнүн негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Объекттеги иштер пландуу түрдө уланууда.


