2026-жылдын 9-мартында ОсОО «Чон-Ак-Суу-Гидро-Энерго» менен түрк компаниясы «SUPERLIT» МГЭСтин деривациялык каналы үчүн стеклопластик GRP түтүктөрү жана фитингдерин жеткирүү боюнча контрактка кол коюшту.
«SUPERLIT» 1961-жылдан бери гидроэнергетика, ирригация жана шаар инфраструктурасына арналган стеклопластик түтүк системаларын чыгарган жана жеткирген алдыңкы эл аралык компания болуп саналат.
